Ссылки доступа

Тажикстан: «Babilon-Mobile» операторунун абоненттерине белгисиз чет элдик номурлардан чалуулар болду


Тажикстанда «Babilon-Mobile» компаниясынын ондогон абоненти 4-февраль күнү эртең менен белгисиз чет өлкөлүк номурлардан чалуулар болгонун билдиришти.

Алардын айтымында, таңкы саат үчтөн онго чейин чет өлкөдөн «+448», «+336» жана «+370» коддору менен чоочун номурлардан телефон чалышкан.

«Babilon-Mobile» компаниясынын басма сөз кызматы оператордун дээрлик бардык абоненттерине мындай чалуулар келгенин билдирди.

«Буга компаниянын эч кандай тиешеси жок. Ал «спам», абоненттер чалууларды кабыл алып, СМС аркылуу же кайра чалып жооп бербеши керек», — деп эскертти компания.

Адистердин айтымында, абоненттер мындай чалууларды кабыл алып же кайра жооп берген учурларда үч секунддун ичинде эле балансындагы акчасын жоготуп алышы мүмкүн. Мындан тышкары алдамчылар телефон ээсинин кредиттик карталары тууралуу бардык маалыматтарды жана сакталган номурларды көчүрүп алышы ыктымал.

Ал ортодо «Babilon-Mobile» компаниясынын абоненттери телефон номурлары кантип белгисиз адамдардын колунда болуп калганына түшүнбөй, тынчсызданууларын билдирүүдө.

Тажикстанда жарандарга «Babilоn», «Tcell», «Мегафон Тажикстан» жана «Билайн» компаниялары мобилдик байланыш кызматын көрсөтөт. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү активдүү сим-карталардын саны 5,5 миллионго жетет.

XS
SM
MD
LG