Ссылки доступа

Түркмөнстандыктар вакцина алуу үчүн электрондук медициналык китепчелерди ача башташты


Түркмөнстандын Лебап облусунун тургундары коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү үчүн шашылыш түрдө электрондук медициналык китепчелерди ачып жатышат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, медициналык китепчелер үчүн иштеп жаткан жарандардын маянасынын 3% кармап калышууда. Пенсионерлер менен ишсиз тургундар банк аркылуу 15 манаттан (расмий курс боюнча 4,2 доллар) төлөшү керек болот. Ошол эле маалда жашоочуларга медициналык китепчеси жоктор эмделбей турганы эскертилүүдө.

Өз булактардын маалыматына караганда, Лебап облусунда эмдөө иштери кийинки жумада тармактык жетекчилердин жана облус башчылардын катышуусунда өтө турган өкмөттүн кеңейтилген жыйынынан кийин башталат.

3-февралда Ашхабад шаарындагы медицина кызматкерлери Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен эмделе баштаган. Буга чейин Түркмөнстан бул вакцина менен калкты жапырт эмдөөнү 15-февралда баштайт деп күтүлүп жатканы кабарланган. Ага даярдык көрүүнүн алкагында милдеттүү түрдө эмделиши керек болгон жарандардын тизмеси түзүлүп, алардын негизги бөлүгүн улгайгандар, медиктер жана өнөкөт оорулары бар жарандар түзгөн.

18-январда Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын каттоодон өткөргөн. Он күндөн кийин дүйнөдө биринчи болуп «ЭпиВакКорона» деп аталган дагы бир орус вакцинасын каттаган.

Түркмөнстан аймагында коронавирус жуктурган бир да бейтап расмий каттала элек дүйнөдөгү онго жакын өлкөнүн бири. Ошол эле маалда расмий Ашхабад илдеттин жайылуусунун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип келет.

Видео

Видео

Президенттин корукта катылган хан сарайы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00
XS
SM
MD
LG