Ссылки доступа

Аравандык дыйкандар картошка тиге баштады (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Тажик блогерлерге салык салынат. Тажикстанда жашап, социалдык тармактардан акча тапкандар эми салык төлөй баштайт. Бул тууралуу өлкөдөгү белгилүү блогер Рафаел Гулов билдирди. Аны өлкөнүн Салык кызматы атайын чакырып, бул кабарды угузган. Ал эми Салык кызматы бул маалыматты тастыктай элек. Бирок январдан баштап Тажикстанда электрондук кызматтарга салык кабыл алына баштаган. Ага ылайык эл аралык компаниялар каттоодон өтүп, кирешесинен 18% кошумча нарк салыгын төлөшү керек. (видео)

- Кыргыз модасынын жаңы багыты. Бишкекте "BURANA FASHION WEEK 2021" деп аталган мода жумалыгы өтүп жатат. 4-февралда иш-чаранын ачылуу аземи өтүп, анда жаш модельер-дизайнерлер өз коллекцияларын тартуулады. Мода көргөзмөcү - “жаңылануу” деп аталат жана -анда ачык түстөгү, ошол эле учурда заманбап, кыргыздын оймо-чиймелери менен кооздолгон күнүмдүк жана көчөдө кийип жүрүүгө ылайыкташкан кийимдер көрсөтүлдү. (видео)

- Аравандык дыйкандар картошка тиге баштады. (видео)

- Төрткүл: премьердин табышмактуу сөзү элди ойлонтту. Төрткүл суу сактагычы Баткен району жана шаары аймагынан 11 миң гектардан ашык жерди камсыздап стратегиялык объект болуп эсептелинет. Көлөмү 90 миллион куб метр, Суу сактагычка Ак-Суу дарыясынан канал аркылуу суу келет. Каналга суу бөлүштүрүлгөн жер Головной деп аталат. Бул жер Тажикстанга берилип кеткенин 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаевдин чек араларга тиешелүү суроолоруна жооп берип жатып премьер-минситр Улукбек Марипов билдирген. (видео)

- «Октябрь окуясында тийген окту сактап койдум»​. 5-6-октябрдагы окуяларга катышып, жараат алгандардын катарында белгилүү каскадер Нурбек Болотов да бар. Дүйнөгө таанымал актер Киану Ривз менен Голливуддун “47 ронин” фильмине тартылган мекендешибиз азыр үйүндө арабада отурат.​ (видео)

- Польшалык журналист Өзбекстанда ТИМ кызматкери асылганын айтып чыкты. (Настоящее время)

- Казакстан бейөкмөт уюмдарга болгон кысымды жумшартты. (видео)

- «Гранфлюэнсерлер»: соцтармактардагы 70 жаштан ашкан колдонуучулар. (видео)

- Бриллиант клондор: Нью-Йорктун жашоочусу Жон Хатлеберг эң баалуу бриллиант таштардын көчүрмөсүн жасайт. (видео Директ)

- Белгилүү өзбек бийчиси америкалыктарга пандемия учурунда «Лязги» бийин үйрөтүүдө. (видео)

- Саакашвили: Кыргызстан мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбашы керек. Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Реформалар боюнча улуттук кеңешинин аткаруу комитетинин башчысы Михаил Саакашвили «Азаттык» радиосуна эксклюзивдүү маек курду. (видео)

- Макс Бокаев деген ким? Казакстанда 2016-жылы жер маселесине байланышкан митингдерден кийин беш жылга соттолгон активист Макс Бокаев эркиндикке чыкты. (Казакстандан видео)

- COVID-19га каршы эмдөө: мамлекеттик келишимдер Дарига Назарбаеванын кудасынын колундабы? Казакстанга коронавируска каршы вакцинаны өлкөдөгү эң таасирдүү үй-бүлөнүн мүчөсүнө таандык компания жеткирет. (видео)

- «Араб жазындагы» жана азыркы нааразылыктардагы социалдык түйүндөрдүн ролу. (видео)

- Москвадагы мигранттар эмдөөгө даярбы? (видео)

- Геленжиктеги хан сарайдын ээси экенин билдирген Аркадий Ротенберг деген ким? (видео)

- Үйүндө самын жасаган сузактык ишкер. Амантур Исраил уулу Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашайт. Мурда Орусияда миграцияда жүргөн жигит, азыр өзү жасап алган станок менен күнүнө миңдей самын чыгарат. (видео)

- Аутизм менен жабыркаган кишилерди сулуулаган чач тарач. (Тажикстандан видео)

- Азия 360°: Шахрихандын бычактары. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG