“Талибандын” Катар шаарындагы өкүлү Мухаммад Наим Вардактын билдиришинче, сапар Ашхабаддын расмий чакыруусу менен жүзөгө ашты. Барадар Түркмөнстандын вице-премьери жана тышты иштер министри менен жолугушту.
Ооган басылмалары кабарлагандай, талибдер Ооганстандагы Түркмөнстандын инфраструктуралык долбоорлоруна коркунуч жаратпоого убада беришкен.
Буга чейин байкоочулар түркмөн газын Ооганстан аймагы аркылуу Пакистан жана Индияга алып өтүү боюнча узак мөөнөтүү долбоордо каржылай кыйынчылыктар менен катар коопсуздук маселеси да олуттуу болуп жатканын билдиришкен.
“Талибан” трансулуттук газ куурунун жана Түркмөнстан-Ооганстан темир жолунун курулушун кубаттай турганын, бул долбоорлор тынчтыкты жана Ооганстандын экономикалык өнүгүшүн камсыздоого жардам бере турганын билдирүүдө.
Борбор менен Түштүк Азияны туташтыруучу ТАПИ газ куурунун узундугу долбоор боюнча 1800 чакырымды түзөт. Анын алкагында Түркмөнстандан Ооганстан, Пакистан, Индияга көгүлтүр отун жеткирилет.