Ссылки доступа

CPJ өзбек бийлигин коррупция темасында жазган блогерди бошотууга чакырды


«Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists, CPJ) Өзбекстандын бийлигин камактагы блогерди бошотууга чакырды. Уюм коррупциялык схемалар тууралуу жазып жүргөн блогерге ойдон чыгарылган айыптар тагылган деп эсептөөдө.

Отабек Саттори 29-январь күнү Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шектелип кармалган.

Тергөө аяктаганга чейин камакка алынган блогер бул айыптоолор боюнча күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Өзбекстандын бийлиги блогер Отабек Сатторини тез арада эркиндикке чыгарып, ага тагылган ойдон чыгарылган айыптоолорду алышы керек. Жемкорлук тууралуу репортаждары үчүн блогерлер менен жарандык журналисттерди куугунтуктоо — алардын конституциялык укуктарын бузат. Өзбекстанда журналисттер эч кандай жалган айыптоолордон кооптонбостон өз ишин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл», — деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гульноза Саид.

40 жаштагы Саттори Telegram жана YouTube каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблог алып барат. Ал Сурхандарыя облусунун башчысы Туру Боболовду кескин сындап жүргөнү менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG