Ссылки доступа

Мирзиёев шайлоолорду октябрга жылдыруу тууралуу мыйзамга кол койду


8-февралда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга байланыштуу Өзбекстан Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Каракалпакстандын президентин, Мыйзам чыгаруу палатасын жана Жогорку Кеңешин (парламент), ошондой эле облустардын, райондордун жана шаарлардын өкүлчүлүктүү органдарын шайлоо октябрдын үчүнчү декадасынын алгачкы жекшембисинде (24-октябрда) өтөт.

Буга чейин Өзбекстанда бул шайлоолор ыйгарым укуктары аяктаган жылы декабрдын үчүнчү декадасынын алгачкы жекшембисинде өтүп келген.

«Шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга байланыштуу Өзбекстан Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун өлкө парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы 25-январда, Сенат 5-февралда жактырган.

Өзбекстанда акыркы президенттик шайлоо 2016-жылы 4-декабрда өткөн.

XS
SM
MD
LG