Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, тиркеменин авторлору – Ташкенттеги Амити университети менен Ташкент Чыгыш таануу университетинин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү.
Мобилдик тиркеме жакында App Store менен Play Market тиркемелеринде жеткиликтүү болот. Ал жерден Навоинин эң мыкты 80 казалы менен 20 рубаисин текст жана аудио формат түрүндө табууга болот. Тиркемеде интерактивдүү оюндар да бар.
Өзбекстанда 9-февралда Алишер Навоинин 580 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү.