Ссылки доступа

Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы өзүн-өзү каржылоого өтөт


Телекөрсөтүү, радиоуктуруу жана киноматография боюнча мамлекеттик комитети акыркындык менен өзүн-өзү каржылоого өтөт. Бул тууралуу түркмөнстандык Trend басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик комитетти өз алдынча каржылоого өткөрүү маселесин президент Гурбангулы Бердымухамедов көтөргөн.

Түркмөнстанда январдын башында мамлекеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу аракетинин алкагында бир нече гезит, журналдар бириктирилген. Расмий басылмалар бул чаралар жылына 123 тонна кагазды үнөмдөөгө жол ачарын жазышкан.

Бул арада өлкөдө гезит, журналдарды санариптик форматка өткөрүү улантылууда.

Түркмөнстанда 24 гезит жана 7 журнал чыгат. Алардын негизги багыты мамлекеттик пропаганда жана өлкө жетишкендиктерин даңазалоо болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG