Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тажикстан жогорку сапаттагы айыл чарба азыктарын Орусияга жеткирүүгө уруксат алды.
Душанбе айрым тажик ишканаларынын негизинде биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады. Мындан тышкары Тажикстанда санитардык-эпидемиологиялык абалдын жакшыруусу эске алынып, орус тарапка аба байланышты тез арада жандандыруу маселесин талкуулоо сунушталды.
Азырынча Душанбенин бул сунушуна Орусия кандай жооп кайтарганы белгисиз. Тажикстанда бул маселе өтө курч турат: пандемиядан улам тажик мигранттарынын 80% чет өлкөгө иш үчүн чыгып кете алышкан жок. Бир тараптуу гана чартердик каттамдар бар, Орусияга тажик жарандарынын кирүүсүнө тыюу салынган.
Бул арада айрым орус басылмалары Москва Тажикстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши жөнүндө маселени козгой турганын айтышкан.