Ссылки доступа

Муфтий Максатбек Токтомушев кызматынан баш тартты


Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кызматынан баш тартты. Ал өз каалоосу менен арызын жазганын «Азаттыкка» муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы муфтий дайындалганча бул кызматты анын орун басары убактылуу аткарып турмай болду.

Мекеме муфтияттын башкы бухгалтери боюнча соттун чечиминен кийин маалымат берилерин белгиледи.

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) муфтияттын башкы бухгалтери мыйзамсыз финансылык иштерден улам кармалганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG