Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Досонов Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алынып келинди жана атайын кызматтын убактылуу камак жайына киргизилди.
Буга чейин Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ал УКМКнын Оштогу башкармалыгына өзү барганын "Фейсбук" баракчасына жазган.
УКМК 2020-жылдын 30-ноябрында Досоновго издөө жарыяланганын кабарлаган.
Ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылдын 6-февралында кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан жана 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан.