Ссылки доступа

Душанбеде 5 сомонилик "элдик" таксилер мыйзамдаштырылышы мүмкүн (видео)


Абдусаттор – журналист, бирок ушул тапта таксист болуп иштейт. Өткөн жылы ал президент Эмомали Рахмонго видеокайрылуу жолдоп, өлкөдөгү көйгөйлөр, анын ичинде жумушсуздук жөнүндө айткан.

Ал 10 күндө эки жолу 50 долларга айып пулга жыгылгандан кийин кайрылуу жасоого аргасыз болгонун билдирген. Абдусаттор жүргүнчү ташууга лицензиясы болбогону үчүн жаза алган.

«Элдин жашоосу оор болуп баратат, бул өтө кайгылуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Кишилер акча тапсын, мүмкүнчүлүк бергиле! Бирок 5 сомониден (0,5 доллар) жол кире алган таксисттерге кысым күчөп жатат. Аларды бат-баттан токтотушуп, айып пул салышууда», - деген ал.

Тажикстанда 2016-жылдан баштап чыккан унаалары бар таксисттерге гана лицензия берилет.

Былтыр октябрда Душанбеде Мамлекеттик автоинспекция жана Транспорт министрлиги мыйзамсыз иштеген таксилерге каршы рейддерди уюштурган. Бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз жүргөн таксисттер коомдук транспорттун ишине тоскоолдук жаратып, техникалык талаптарга жооп бербеген эски автоунааларды пайдаланышып, жүргүнчү ташуу эрежелерин бузуп жатышканын билдиришкен.

Жакында Тажикстандын транспорт министри күтүүсүз билдирүү жасады. Ал бийлик лицензиясыз жүргүнчү ташып жүргөндөргө каршы эмес экенин жана аларга жардам берүүгө аракет көрүлүп жатканын айтты. Аткаминер бул боюнча кандай чечим кабыл алынары жакын арада белгилүү болорун кошумчалады.

Душанбеде коомдук транспорттордун нугу менен жүргөн мындай таксилерде жол кире жарым долларды түзөт, бул автобустун билетине караганда үч-төрт эсеге кымбат.

Как работают нелегальные такси в Душанбе
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

XS
SM
MD
LG