Ссылки доступа

Президент Бердымухамедов уулун өзүнүн орун басары кылып дайындады


Сердар Бердымухамедов
Сердар Бердымухамедов

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды өзүнүн орун басары жана Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы кылып дайындады.

39 жаштагы Сердар үчүн кошумча вице-премьердин кызматы түзүлдү.

Түркмөн мамлекеттик басылмаларынын билдиришинче, ал Түркмөнстан коопсуздук кызматынын курамына кирет.

Сердар Бердымухамедов жаңы кызматка дайындалар алдында Түркмөнстан Жогорку көзөмөл палатасынын имаратында ремонт жасалды. Ал үчүн атайын эс алуу террасасы курулганы, жакын жайгашкан үйлөр сырдалганы айтылууда.

2020-жылы 7-февралда президенттин уулу өлкөнүн өнөр жай жана курулуш министри болуп дайындалган. Ага чейин Ахал облусунун администрациясын башкарган. Эксперттер Бердымухамедов уулун мураскорлукка даярдап жатканын билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG