Ссылки доступа

Актөбөдө иш таштаган айдоочулар каттамдарга чыгышты


Казакстандын Актөбө шаарындагы «Жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасынын» жумушчулары иш таштоону токтотушту.

Жума күнү каттамдарга чыгуудан баш тарткан автобус айдоочулары менен жумуш берүүчү компаниянын жана эмгек инспекциясынын өкүлдөрү жолугуп, аларды ишке чыгууга чакырышты.

Андан соң айдоочулар менен Актөбө шаарынын акими Асхат Шахаров жолугуп, бир күн бою ишканада болуп, алардын маселесин чечип берүүнү убадалады. Акимдин бул сөзүнөн кийин айдоочулар иш таштоону токтотуп, каттамдарга чыгышты.

12-февраль күнү эртең менен айдоочулар менен кондукторлор айлык акыны жогорулатуу, төлөмдөр боюнча планды азайтуу, ошондой эле пенсия жана медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү өз учурунда которуу талаптарын айтып, каттамдарга чыгуудан баш тартышкан. Алар колдоруна айына 32-70 миң гана теңгеден (76-166 доллар) алышарын, бул аз экенин айтышкан.

Ишкананын жетекчилиги каттамдардын көбү чыгашалуу экенин, бул абалды 2015-жылдан бери бөлүнбөй калган мамлекеттик субсидия аркылуу гана жөнгө салса болорун билдирди.

Маалыматка караганда, иш күндөрү Актөбө шаарындагы коомдук транспорт 1,5-2 миллион жүргүнчүнү ташыйт. Автобустар шаардын ичинде жана ага жакын жайгашкан конуштарга каттайт.

Өткөн жумада Шымкент шаарында да айдоочулар айлык акыны жогорулатуу талабы менен иш ташташкан. Shymkent bus ишканасынын жумушчулары иш берүүчү менен жергиликтүү акимчилик талаптардын бир бөлүгүн аткарууну убадалагандан кийин каттамдарга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG