Ссылки доступа

Президент конституциялык референдумду 11-апрелде өткөрүүнү сунуш кылды


Президент Садыр Жапаров Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга байланыштуу дагы бир референдум өткөрүү керектигин белгилеп, аны жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен чогуу өткөрүүнү парламентке сунуштады.

Бул тууралуу ал Коомдук телерадиоберүү корпорациясына курган маегинде билдирди.

«Анткени биз азыр эски Конституция менен жашап жатабыз. Жаңы Конституцияга дагы эки-үч ай бар. Мен кечээ жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону 11-апрелде өткөрүү боюнча жарлыкка кол койдум. Эгерде депутаттар ошо менен бирге өткөрүүнү колдоп берсе, 11-апрелде Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынат. Ошондон кийин гана биз жаңы Баш мыйзам менен жашай баштайбыз», -деди ал.

Мамлекет башчы муну менен катар Конституциянын жаңы долбоорунун мазмуну жөнүндө да сөз кылып, андагы президенттин ыйгарым укуктарына байланыштуу өзгөртүүлөр тууралуу да өз ойлорун айтты.

2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин, ушул эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага сексен депутат демилгечи болгон.

Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документти эки айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген.

Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган. Парламент аны 17-февралда карап баштайт.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Долбоорго ылайык, президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат. Мындан тышкары башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялай алат. Мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрель – жекшемби күнгө дайындалган. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

XS
SM
MD
LG