Маалыматка караганда, Байден саммитте COVID-19га каршы вакцина өндүрүү жана аны жайылтуу маселесине көңүл бурат.
Буга чейин «Чоң жетинин» бул жолку саммитиндеги башкы тема вакциналарды дүйнө өлкөлөрүнүн арасында текши бөлүштүрүү болору кабарланган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) вакцина боюнча бай өлкөлөр жүргүзүп жаткан «me-first» («биринчи кезекте мен») саясаты жакыр өлкөлөрдү оор абалга кептеп, вирустун мутация болушуна жана жайылуусуна шарт түзүшү мүмкүн экенин эскерткен.
Курамына Улуу Британия, Германия, Канада, Франция, Италия, Жапония жана АКШ кирген «Чоң жети» саммити жыл сайын өтүп келген иш-чара. Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам Кошмо Штаттарда өтө турган саммит болбой калган.