Ссылки доступа

Казакстанда Пенсиялык фондго топтолгон акчасын алууну каалагандарга $1 млрд. төлөндү


Казакстандын Бирдиктүү пенсиялык фонду топтолгон акчасынын бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда алуу тууралуу арыз жазган жарандардын эсебине 423,7 миллиард теңге (1 миллиард доллардан ашык) которду.

Фонддун маалыматына караганда, үч жарым жуманын ичинде пенсиялык каражатынын бир бөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгү менен 78 миңден ашык киши колдонду.

«78 074 кишинин кайрылуусунун негизинде 423,7 миллиард теңге арыз ээлеринин эсептерине которулду. Төлөмдөрдүн орточо суммасы 5,4 миллион теңгени түзөт. Дагы 45,3 миллиард теңге алуу боюнча жазылган 8 636 кишинин арызы каралып жатат. Мындан тышкары мыйзамдын талаптарына жооп бербеген 40,6 миңден ашык арыз артка кайтарылды», — деп жазылган фонддун билдирүүсүндө.

Казакстанда жарандарга пенсиялык каражатынын бир бөлүгүн алууга мүмкүндүк берген мыйзам 23-январда күчүнө кирген. Жаран пенсиялык эсебинде калтырууга милдеттүү болгон сумма анын жаш курагына жараша болот.

Казакстандыктар Бирдиктүү пенсиялык фонддон алган каражатты турак жай маселелерин чечүүгө (үй сатып алуу, ипотека төлөө, ипотека алуу, үй куруу), дарыланууга жана баалуу кагаздарды сатып алууга колдоно алышат.

Ал ортодо акыркы жумаларда Казакстанда турак жайдын баасы өскөнү айтылууда.

Иштеп жаткан казакстандыктардын айлыгынын 10% топтоло турган Бирдиктүү пенсиялык фонддо 1-февралга карата 13,1 триллион теңге (31 миллиард долларга жакын) бар экени кабарланган. Мындан тышкары 11 миллионго чукул жаран жеке пенсиялык эсептерин ачышкан. Алардын эсебиндеги орточо сумма 2,5 миң долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG