Ссылки доступа

Түркмөнстанда мелдеште атаандашына жеңилип берүүдөн баш тарткан өспүрүм ур-токмоктон каза болду


Түркмөнстанда мелдеште Ички иштер министрлигинин (ИИМ) курсантына жеңилип берүүдөн баш тарткан 14 жаштагы дзюдочу Сулейман Турсунбаев ур-токмоктон кийин каза болду. Бул тууралуу көз карандысыз Turkmen.news сайты кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, мелдеште жеңишке жеткенден кийин Тургунбаевди белгисиз кишилер уурдап кетип, өлөрчө сабашкан.

Маркум баланын ата-энеси өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовго видео кайрылуу жасап, уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышты.

6-классты аяктагандан кийин Олимпиадалык резерв интернатына тапшырган Сулейман Турсунбаев февралдын башында Ахал облусундагы мелдешке катышкан. Финалдык беттештин алдында ага атаандашына (ИИМдин курсантына) жеңилиши керектигин айтышкан. Бирок өспүрүм бул талапты аткаруудан баш тартып, өз салмак категориясында чемпиондук наамга ээ болгон.

Мелдештен кийин олбурлуу бир нече жигит Турсунбаевдин машыктыруучусуна кол салып, өзүн автоунаа менен обочо жерге алып барып, өлөрчө сабап, көчөгө таштап кетишкен. Тез жардам менен ооруканага жеткирилген өспүрүм алган жаракаттарынан улам бир нече күндөн кийин каза болгон.

turkmen.news сайты Турсунбаевдин өлүмү тууралуу жаңылыкты чыгаргандан кийин аты-жөнү көрсөтүлбөгөн кишиден билдирүү келгенин, анда маркумдун атаандашы президенттин уулу Сердар Бердымухамедовдун аялынын тууганы болгону жазылганын билдирди.

«Бул маалыматты ырастай да, төгүндөй да албайбыз. Ошол эле булак прокуратурага Сулейманды туура эмес жыгылып каза болгон деп таап, анын өлүмү боюнча тергөө жүргүзбөө тууралуу буйрук берилгенин айтты», — деп билдиришти басылманын журналисттери.

19-февралда АКШда жашаган түркмөнстандыктар 14 жаштагы дзюдочунун өлүмүнө байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу кеңсесинин алдында пикет өткөрүүнү пландап жатышат. Алар түркмөн бийлигинен бул ишти калыс иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышат.

XS
SM
MD
LG