Ссылки доступа

«Манас» аэропортунун мурдагы жетекчиси Мурат Примбердиев кармалды


«Манас» эл аралык аэропортунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматында ал «Манас Менеджмент Компани» ишканасынын айланасындагы жемкорлук схемасына байланыштуу камакка алынды.

Примбердиев Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-пункту («Коррупция») боюнча айыпталууда. Ал Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Мурат Примбердиев эл аралык аэропортту 2020-жылдын июль-октябрь айларында жетектеген. Ага чейин бир жылча Бишкектеги филиалды башкарган.

Башкы прокуратура Транспорт прокуратурасы менен кошо эл аралык аэропорттогу «Манас Менеджмент Компани» ишканасынын жетекчилиги тарабынан чет өлкөлүк компанияга мыйзамсыз жеңилдик берип келгени аныкталганын 2020-жылдын 30-декабрында кабарлаган.

Маалыматка караганда 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта мыйзамсыз келишимдин кесепетинен улам «Манас» аэропорту 1 789 726, 68 доллар же 139 598 681 сом өлчөмүндө кирешеден кол жууп калганы такталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Манас» эл аралык аэропортунун жана «Манас Менеджмент Компани» ишканасынын жооптуу кызматкерлеринин аракеттеринде Жазык кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүндө («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери бар болгону үчүн бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Буга байланыштуу «Манас Менеджмент Компанинин» мурдагы жетекчиси Нурсултан Белеков кармалып, Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен 27-мартка чейин камакка алынган.

Февралдын башында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ушул эле иштин алкагында Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш козголгонун кабарлаган. Анда Ибраимовдон тышкары, мекеменин мурдагы президенти Эмир Чукуев жана башка жооптуу кызматкерлер, «Мүлк» фонду менен Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин тиешелүү өкүлдөрү шек саналып жатканы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG