18-февралда тергөө абагында өткөн отурумга 54 айыпталуучу катышты. Алардын арасында жашы жете электер да бар. 44 соттолуучу камакта болсо, калганы үй камагында же белгилүү аймактан чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде эркиндикте жүрүшөт.
Жалпысынан башаламандыктарга катышуу айыбы 57 кишиге тагылган. Алардын экөө издөөдө, бирөө издөө жарыялангандан кийин колго түшкөн. Бул шектүүлөрдүн иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.
18-февралдагы отурумда камакта отурган соттолуучулардын адвокаттары алардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүштү. Жактоочулар айыпталуучулардын көбү үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу экенин белгилеп, алар соттон качпай тургандыктарын айтышты. Айрымдары түнкү башаламандыктарга жана полиция кызматкерлерин сабоого катышпаганын билдиришти.
Прокурорлор Сатпаев шаарындагы башаламандыктар чоң резонанс жаратканын белгилеп, ал оор кылмыш катары каралып жаткандыктан, соттон айыпталуучуларды үй камагына чыгарбоону өтүнүштү. Алардын айтымында, соттолуучулар эркиндикке чыккандан кийин күбөлөргө жана жабырлануучуларга басым жасашы мүмкүн. Жыйынтыгында сот мамлекеттик айыптоонун бул өтүнүчүн канааттандырып, кийинки отурумду 1-мартка белгиледи.
Былтыр 24-июлга караган түнү Сатпаев шаарында жүздөгөн киши көчөгө чыгып, «батиринде 5 жашар кызды зоруктамак болгон» адамды сотсуз жазалоого аракет жасашкан. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, шектүүнү алып кетишкен. Ондогон адам полиция имаратына барып, кызматтык автоунааларды талкалап, автобусту өрттөп жиберишкен. Бийлик абалды таңга маал гана жөнгө салууга жетишкен.
Беш жаштагы кызды уурдоого жана зордуктоого шектелген 62 жаштагы кишинин сөөгү былтыр октябрда тергөө абагында табылган. Полиция ал асынып алганын билдирген.