Ссылки доступа

Америкалык Perseverance марсжүргүсү Марска конду


Марстан тартылган сүрөт
Марстан тартылган сүрөт

АКШнын Perseverance марсжүргүсү Марска ийгиликтүү конду. Бул учур Америкалык аэрокосмикалык агенттиктин (NASA) сайты аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

Аппаратты парашют менен кондуруу болжолдуу түрдө жети мүнөткө созулду. Конгондон кийин ал алгачкы сүрөтүн тартты.

Марска өткөн жылы июлда учурулган Perseverance «Марс-2020» миссиясынын алкагында планетада 700 суткага жакын убакыт иштейт. Бул аралыкта ал «Кызыл планетадагы» жашоого мүмкүн болгон белгилерди тапканга аракет кылып, анализге керектүү топурак топтойт.

Февралдын башында Марстын орбитасына Кытай космостук зондун чыгарган. Кытай окумуштуулары жабдуу майдын аягында планетага конуп, миссия Марсты иликтөөнү жакшыртат деп үмүт артышууда.

Ага чейин Марс орбитасына биринчи арабиялык «Аль-Амаль» («Үмүт») спутниги чыгарылган. Анын максаты – атмосфераны, климаттык шартты жана жыл мезгилдеринин алмашуусун иликтөө.

XS
SM
MD
LG