Ссылки доступа

Өзбекстанда медиктер уйдун кыгын чогултууга мажбурланууда


Тургундардан чогулган кык талааларга жеткирилет
Тургундардан чогулган кык талааларга жеткирилет

Өзбекстанда Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык сактоо кызматынын Ташкент облустук башкармалыгынын кызматкерлери тургундардын үйлөрүнөн уйдун кыгын чогултууга аргасыз болуп жатышканын билдиришти.

Алардын айтымында, мындай буйрукту атайын жыйын учурунда Ташкент облусунун башчысынын орун басары Улугбек Узаков берген. Буга далил катары кызматкерлер жыйында жаздырылган аудиожазуунун көчүрмөсүн жөнөтүшкөн. Анда Узаковго таандык деген үн Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык сактоо кызматынын өкүлдөрү тургундардын үйлөрүнөн уйдун кыгын чыгарып, фермерлерге өткөрүп бериши керектигин айткан.

– Ар бир райондо 4-5 кызматкер кык чыгаруу менен алектенип жатат. Бирок азыр өлкөдө уйдун кыгы тартыш болуп жаткандыктан, көбү өздөрүнө керек экенин айтып, бизге бербей коюп жатышат. Фермерлер кимдин үйүндө ашыкча кык болсо алышы керек, биз эч кимди мажбурлай албайбыз, — деди мекеме кызматкерлеринин бири.

Ал ар бир райондо кык чогултуу боюнча штабдар түзүлүп, күнүнө орточо эсеп менен 400-500 тоннадан деп план бекитилген. Кызматкерлер бул боюнча күн сайын сүрөттөр менен отчёт тапшырып турушу керек.

Бирок Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык сактоо кызматынын басма сөз катчысы Мухаммаджон Бозоров бул маалыматты четке кагууда.

Президент Шавкат Мирзиёев 2020-жылы 12-ноябрда медицина кызматкерлерин өз ишмердүүлүгүнө байланышпаган жумуштарга тартуу үчүн жоопкерчилик киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

XS
SM
MD
LG