- Аймен Касенов: Жаңы шаар кургубуз келет. Президенттик шайлоого катышкан үч талапкер жетектеген үч партия күчүн бириктирип, Бишкек шаардык кеңешине шайлоого аттанды. Алар: Клара Сооронкулова лидерлик кылган «Реформа», Элдар Абакиров теңтөрагалык кылган «Адилеттүү Кыргызстан» жана Аймен Касенов жетектеген «Асман-Ала Тоо» партиялары. Мындай биригүүнүн максаты, деги эле шаардык кеңешке шайлоонун мааниси тууралуу бүгүн үч лидердин бири Аймен Касенов маек берди. (видео)
- Эне тилин сактагысы келген дунгандар. Бүгүн, 21-февралда Эне тилдин эл аралык майрамы белгиленип жатат. Кыргызстанда дунган улутундагы 70 миңден ашуун калк жашайт. Улуу муундагы дунган тектүүлөр соңку жылдары эне тилин, салтын сактоо маселеге айланганын айтышат. Ивановка айылындагы мектепте дунган тили окутула баштаганына беш жыл болду. Кабарчыбыз Айгерим Акылбекова Чүйдүн дунгандар көп жашаган Ивановка айылында болуп, алардын көйгөйүн угуп келди. (видео)
- Аялды орунсуз тамашалоо жана жылма зомбулук. Гендерлик тең укуктуулук тууралуу талкуу-талдоолор көңүл ачуу багытындагы аянтчаларда да жүрүүсү зарыл. «Эже-сиңдилер» берүүсүндө бул жолу музыкалык клиптерде, тасмаларда, тамаша видеолордо кыз-келиндердин образына байланыштуу стереотиптик көз караштарды талдап көрдүк. (видео)
- Матраимовдун адвокаты: Сот бүтүмүнө макул эмеспиз. 20-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду 2 айга камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды. Матраимовдун жактоочусу Мадина Ниязова мындай бүтүм менен макул эместигин айтып, жакынкы беш күндүн ичинде жогорку инстанцияга бөгөт чарасын өзгөртүүнү сурап кайрылыша турганын журналисттерге билдирди. (видео)
- Интернеттеги шылуундар. (видео)
- "Тез жардам" унаасын айдаган 65 жаштагы Алимова. (видео Директ)
- Казакстанда он миңдеген кишилер каржы пирамидасынан жабыркашты. (Настоящее время)
- Кыргызстан жашоочусу фейсбуктагы комментарийи үчүн 5 жылга кесилди (Настоящее время)
- Душанбеде балет бийлеген француз айымы. (Настоящее время)
- Назарбаевдин жээни жана «Казактелекомго» ээлик кылган офшор компания. (видео)