Ссылки доступа

Орусия Тажикстандагы муктаж үй-бүлөлөргө 1 млн. долларлык жардам жөнөттү


Тажикстандагы мектептердин бири. Архив сүрөт
Тажикстандагы мектептердин бири. Архив сүрөт

Орусия Тажикстандагы «муктаж үй-бүлөлөрдө жашаган мектеп окуучуларына» 1 миллион долларлык гуманитардык жардам жөнөттү.

Азык-түлүктөн турган жардам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында берилди.

Орусиянын Душанбедеги элчилигинин маалыматына караганда, гуманитардык жүктүн көпчүлүгү Тажикстандын түштүк аймактарына жеткирилди. Жардам жалпысынан 22 миң муктаж үй-бүлөгө таратылат деп күтүлүүдө.

Былтыр Орусия Тажикстандын мектептериндеги тамактануу системасын өнүктүрүү үчүн 21 миллион 200 миң доллар бөлөрү кабарланган.

XS
SM
MD
LG