Видео 18-февралда «Кызыл планетага» ийгиликтүү конгон аппараттын бир нече жерине орнотулган камералар аркылуу тартылган. 11 чакырымдык бийиктиктен тарта баштаган камералар башка планетага жеткен эң чоң парашюттун ачылып жаткан учурун да видеого түшүрүп калышкан.
Perseverance диаметри болжол менен 49 чакырымды түзгөн Езеро кратерине конгон. Кезинде бул жер сууга толуп турган деген божомолдор бар.