Ссылки доступа

«Слово Кыргызстана» гезитинин редактору сабалды


«Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова бүгүн, 23-февралда сабалган.

Бул тууралуу анын кесиптештери маалымдашты. Маалыматка ылайык, Аскерованы гезиттин коммерциялык директору Уматкүл Бралкеева сабаган.

Кесиптештеринин айтуусунда экөөнүн мурдатан мамилеси начар болгон. Кифаят Аскерова №4 шаардык ооруканага жеткирилгени кабарланды. Чатакташуу учурунда Бралкеева да жабыркаганы кабарланууда.

Кифаят Аскерованын сабалганы тууралуу маалыматты шаардык милиция да ырастады.

Милициянын маалыматына караганда, редактордун сабалганы тууралуу маалымат 23-февралда, саат 16:30 чамасында түшкөн. Учурда иш иликтенип жатат.

Кифаят Аскерова «Слово Кыргызстана» басылмасына башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп, мурдагы баш редактор Курманбек Мамбетовдун ордуна дайындалган.

XS
SM
MD
LG