Ссылки доступа

Уфада тажикстандык кош бойлуу келинди төрөт үйүнө жаткырууга жардам берилди


Уфа шаарындагы ооруканалардын бири
Уфа шаарындагы ооруканалардын бири

Башкортостандын башчысына караштуу Адам укуктары жана жарандык коом институттарын өнүктүрүү кеңешинин мүчөсүнүн аракети менен тажикстандык келин Уфадагы төрөт үйүнө бекер кабыл алынды.

Пандемияга жана каржы маселелерине байланыштуу мекенине кете албай калган 26 жаштагы Фаридун Зиёев 22-февралда «Озоди» радиосунун кабарчысы менен маектешип, жубайынын 36 айлык боюнда бар экенин, төрөт үйүндөгү кызмат акыларын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болуп жатканын билдирген. «Жубайымдын алгачкы алты айлык көзөмөлү үчүн Уфа шаарындагы бейтапканага 8 миң рубль төлөгөнбүз. Кийинки үч ай жана төрөт үчүн дагы 35 миң рубль төлөө керек болуп жатат. Азыр менде мындай акча жок, төрөт үйүнөн кассага акча төлөнбөсө медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тарта тургандыктарын айтышты», — деген ал.

Бул тажик үй-бүлөсүнүн окуясы Башкортостандын башчысына караштуу Адам укуктары жана жарандык коом институттарын өнүктүрүү кеңешинин мүчөсү Эльза Маулимшинага да жетип, ал Зиёевдердин медициналык чыгымдарын жабууга жардам берүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылган. «Тажикстандык келин Уфадагы №3 төрөт үйүнө жаткырылды. Мен жардам сурап жергиликтүү кеңештин депутатына, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлерине кайрылгам. Келиндин төрөтү оор болууда, ошондуктан зарыл болсо дары-дармекке да акча чогулталы деп турабыз», — деди Маулимшина.

Жаш жубайлар расмий никеге турбагандыктан, Орусия өкмөтүнөн социалдык жөлөк пул алып, медициналык камсыздандыруунун эсебинен дарылана алышпайт.

Буга чейин Тажикстандын Уфа шаарындагы башкы консулдугунан Зиёеевдердин үй-бүлөсүнө алардын никесин каттоого жардам бере тургандыктарын билдиришкен.

Уфа – Орусиянын курамындагы Башкортостан республикасынын борбор шаары. Жашоочуларынын көбүн мусулмандар түзөт.

XS
SM
MD
LG