Француз медиасы билдиргендей, бул окуялар 2018-жылы август айларында актердун Париждеги үйүндө болгон. 20 жаштагы актриса – Депардьенин досунун кызы. Бул окуя боюнча иш 2019-жылы иштин жагдайларын иликтөөгө мүмкүн болбогондуктан жабылган, бирок кыздын адвокаты доо арыз менен кайрылып, шектүү суралгандан кийин кайра жандандырылган.
Депардье —дүйнөгө белгилүү француз актерлорунун бири. 50 жылдан ашык карьерасында ал 200дөн көп фильмге жана сериалдарга катышып, театрда ойногон.
2005-жылы ал өзүн сүрөткө тарткысы келген папарацци кабарчысын сабап салган. 2011-жылы Парижден Дублинге баратканда отургучтардын ортосунда даарат ушатканы үчүн учактан түшүрүлгөн. Кийинки жылы жол кырсыгынан кийин автомобилистти чаап жиберген жана Франциянын салык кызматы менен болгон жаңжалдан кийин орус жарандыгын алган. Анын адвокаты зордуктоо боюнча айыптоолор чындыкка дал келбей турганын жана актер күнөөсүз экенин билдирүүдө.