Ссылки доступа

Казакстанда сот саясий туткун деп табылган активистти мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруудан баш тартты


Сот казакстандык укук коргоочулар тарабынан саясий туткун деп табылган активист Алмат Жумагуловдун камактагы мөөнөтүн эркиндигин чектөө жазасына алмаштыруудан баш тартты.

23-февралда Алматы облусунун Капшагай райондук сотунда өткөн отурумга Жумагулов видеобайланыш аркылуу катышты.

Коомдук ишмер жана журналист Рысбек Сарсенбайулынын айтымында, сот активистти мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартуу чечимин жүйөлөрдүн жетишсиздиги менен түшүндүрдү.

Сот былтыр жайында да камактагы мөөнөтүн эркиндигин чектөө жазасына алмаштыруу тууралуу Жумагуловдун өтүнүчүн четке каккан.

Активисттин жубайы Асель Копбосынова ашказаны жана ичегилери ооруйт деген диагноз коюлган күйөөсүнүн саламаттыгына тынчсызданып жатканын билдирди.

Алмат Жумагулов «жихадчылардын иши» деп аталган иш боюнча 2018-жылы декабрда сегиз жылга соттолгон. Ал «Терроризмди пропагандалоо» жана «Улут аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. 2020-жылы апрелде сот Кылмыш кодексиндеги жаңы нормаларга таянып, Жумагуловдун камактагы мөөнөтүн 8 ай 26 күнгө кыскарткан. Жаңы нормаларга ылайык, жарандын тергөө абагындагы бир күнү бир жарым күн деп эсептелинет.

Бул иш боюнча дагы эки киши соттолгон: Кенжебек Абишев жети жылга, Оралбек Омыров сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Буга чейин казакстандык укук коргоо уюмдары Алмат Жумагулов менен Кенжебек Абишевди саясий туткун деп тапкан.

Былтыр жайында 12 америкалык сенатор Казакстандын бийлигин өз көз караштарын ачык билдиргени үчүн камакта отурган жарандарды тез арада бошотууга чакырган.

Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG