«Вашингтон кеңешке 2022-жылдан 2024-жылга чейин мүчө болууга билдирме жөнөтөт. БУУга мүчө бардык өлкөлөрдөн биздин бул органга кайтып келишибизди колдоону өтүнөбүз», — деди Блинкен.
АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен 2018-жылы июнда чыккан. Анда өлкөнүн ошол кездеги президенти Дональд Трамп бул өкмөттөр аралык органдын Израилге карата мамилесин сындап, ал реформага муктаж экенин билдирген.
Блинкендин айтымында, Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы мурдагы өкмөттүн бул сындарын жарым-жартылай колдойт. Ошол эле маалда Вашингтон кеңешке мүчө өлкөлөр адам укуктары боюнча «жогорку стандарттарга» жооп бере турганына ынангысы келет.
47 мүчөсү бар кеңештин үч жылдык курамын шайлоо быйыл октябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында өтүшү керек.