Ссылки доступа

Сардоба суу сактагычындагы кырсыктан жабыркагандарга бериле турган азык-түлүктү саткан киши соттолду


Өзбекстанда Сардоба суу сактагычындагы кырсыктан кийин үй-жайсыз калган жарандарга берилиши керек болгон азык-түлүктү мыйзамсыз саткан киши 3,5 жылга эркинен ажыратылды.

«Сырдарья хабарлари» басылмасынын маалыматына караганда, буга чейин алдамчылык үчүн соттолгон жаран өзүн Кызыл чырым уюмунун Сардоба райондук бөлүмүнүн өкүлү катары тааныштырып, калкка жардам берип жүргөн ыктыярчылардын катарына кошулган. Ал аталган уюмдун атынан жасалма билдирме даярдап, жалпы 15 миллион 154 миң сумга (14,6 миң доллар) бааланган азык-түлүктүн 15 түрүн алып, сатып жиберген.

Укук коргоо органдарынын атайын операциясы маалында кармалган кишиге каршы «Документтерди, мөөрлөрдү, бланктарды жасалмалоо жана колдонуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычынын дамбасы 2020-жылы 1-майда жырылып кетип, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 22 айылдан 60 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлүп, жүздөгөн тургун суусуз жана түшүмсүз калган.

XS
SM
MD
LG