Ссылки доступа

Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин аталышы өзгөрдү


Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин имараты
Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин имараты

Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин расмий аталышы өзгөртүлдү. Окуу жайдын маалыматына караганда, эми ал Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети деп аталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин университеттин аталышын өзгөртүү тууралуу буйругу быйыл 15-январда чыккан. Себеби катары жергиликтүү коомчулуктун суроо-талабы аталган.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, философия илимдеринин доктору Батыралы Сыдыков эгемен Кыргызстандан «легендарлуу» аталган алгачкы парламентинин мүчөсү болгон. Ал Өзбекстандын Философдор коомунун ардактуу мүчөсү, Казакстан Улуттук илимдер академиясынын, ошондой эле Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу профессору. Кыргызстандын Инженердик академиясынын мүчөсү, 3 монографиянын жана 35 илимий эмгектин автору.

Окуу жай 2010-жылга чейин Кыргыз-Өзбек университети деп аталып келген. Ошол жылдын Июнь окуяларынан соң Мамлекеттик социалдык университет болуп, кийин кайра Кыргыз-Өзбек университети деп аталып жүргөн. Окуу жайда он миңге жакын студент билим алат.

XS
SM
MD
LG