Трамп жарлыкты былтыр чыгарып, коронавирус пандемиясына байланыштуу америкалыктарды жумушсуздуктан сактоо зарылдыгын билдирген. Башында чет өлкөлүктөрдүн айрым категориясы үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салуу чечими 2020-жылдын соңунда аягына чыкмак, бирок Трамп аны кийинчерээк март айынын аягына чейин узарткан.
Миграция маселелери боюнча юристтердин айтымында, Трамптын жарлыгы көптөгөн иммигарциялык визаларга бөгөт койгон. Иммигранттар үй-бүлө мүчөлөрү менен өлкөгө кирүү укугунан ажыратылган. Саламаттык сактоо жана башка ушуга окшогон кесип ээлеринен тышкаркы чет өлкөлүктөр үчүн жумуш визасы берилбей калган. Миңдеген грин-карта ээлери да АКШга кире албай калышкан.
24-февралда Байден бул жарлыкты жокко чыгарып, легалдуу мигранттардын өлкөгө киришине тыюу салуу – Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына туура келбей турганын айтты.