Ссылки доступа

ЖККУ: Тажик-түркмөн чек арасында талибдердин 15 миңдей жоочусу бар


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Ооганстандын Тажикстан жана Түркмөнстан менен чектеш аймактарында «Талибан» кыймылынын мүчөлөрү 15 миңдей кишини түзөт. Бул тууралуу бейшембиде Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Бирдиктүү штабынын башчысы Анатолий Сидоров билдирди.

Анын маалыматына караганда, топто жалпысынан 70 миңдей киши бар.

2020-жылы 12-мартта Катардын борбору Дохада Ооганстан өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү башталган. Бирок ошондон бери делегациялардын бир дагы жалпы сессиясы өтө элек.

Ооганстандагы «соңсуз согушка» АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы да чекит коюуга ниеттенген. Бирок демилге натыйжасын бере элек.

Тараптар аялдардын укуктары, шарият мыйзамдарын сактоо сыяктуу негизги маселелерде эки ача пикирде.

Былтыр февраль айында АКШ жана «Талибан» 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, 2021-жылдын май айына чейин АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши керек.

АКШ Ооганстандагы согуштук аракеттерди 2001-жылы 11-сентябрдагы теракттан кийин баштаган. АКШ аскерлери Ооганстанга кирип барып, адам укуктарын бузуу менен белгилүү болгон ислам-фундаменталисттик «Талибан» кыймылын ураткан. АКШ анын ордуна коопсуз, демократиялуу өлкөнүн курулушуна жардам берүүгө аракет жасап жатканын билдирип келет. «Талибан» жоочулары менен башка исламист топтордун бүтпөгөн жаңжалдарынан улам америкалык аскерлер бул өлкөдөн 19 жылдан бери чыгып кете албай турушат.

Вашингтон Ооганстандагы согушка эки триллион доллардан ашуун каражат коротуп, дээрлик жыйырма жыл аралыгында 2 300 жоокерин жоготту.

XS
SM
MD
LG