Ссылки доступа

АКШ: ханзаада Мухаммед журналист Хашогжини өлтүрүүгө буйрук берген болушу ыктымал


Жамал Хашогжи

Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман оппозициячыл журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө буйрук же макулдук берген болушу ыктымал.

Бул тууралуу америкалык атайын кызматтардын бейшембиде жарыяланган атайын баяндамасында айтылат.

«The Washington Post» гезити менен иштешкен Жамал Хашогжи 2018-жылы октябрда Стамбулдагы Сауд Арабиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Журналист Эр-Рияддын саясатын, анын ичинде өлкөнүн мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салманды сындап келген. Хашогжинин сөөгүнүн калдыктары эмгиче табыла элек.

2019-жылдын соңунда Эр-Рияддагы прокуратура Хашогжинин Стамбулда өлтүрүлүшү боюнча беш киши өлүм жазасына кесилгенин билдирген. Анын алдында Сауд Арабиясынын ханзадаасы, тактынын мураскери Мухаммед бин Салман Хашогжинин өлүмү үчүн жоопкерчилик сезерин айткан. Бирок ал кылмышка жогорку бийлик өкүлдөрү аралашкан деген дооматты четке кагып, Хашогжини өлтүрүү операциясы тууралуу кабарсыз болгонун белгилеген. Бул арада 2020-жылы журналисттин үй-бүлөсү кылмышкерлерди кечиргенин жарыялаган. Королдуктун мыйзамдарына ылайык, мындай учурда өлүм жазасына тартууга болбойт. Натыйжада күнөөлүүлөр ар кандай мөөнөттөгү жаза алышкан.

АКШнын баяндамасында ханзааданын журналистти өлтүрүүгө катышы бар экенин тастыктаган түздөн-түз далилдер жок экени, ошол эле маалда мындай операция Мухаммед бин Салмандын макулдугусуз ишке ашуусу мүмкүн эмес болгону айтылат.

Маалыматка караганда, АКШ президенти Жо Байден баяндаманын мазмуну менен таанышкан, эми ал бул маселени Салман менен телефондо талкуулоого ниеттенүүдө. Мунун алдында Байден Эр-Рияд менен болгон мамилени кайра карап чыгуу керек экенин билдирген. Ал АКШ Йемен жаңжалында Арабияны колдоодон баш тартарын белгилеген.

Видео

Видео

Саясатты сатирага салган Самат
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:27 0:00
XS
SM
MD
LG