«Алгач ар бирибиз 85 миң сумдан (8 доллар) тапшырганбыз. Кийин кошумча дагы 33 миң сумдан (3 доллар) чогултуп, андан соң дагы 25 миң сум (2 доллар) тапшырууга милдеттендиришти. Биздин кызматкерлер 5-6 миллон сумдан (500-600 доллар) айлык алышат. Дайыма эле темир-тезекке акча бере берсек үй-бүлөбүздү кантип багабыз? Жумушчулардын укуктарын коргой турган уюмдар барбы бизде?», — деп жазылган «Бухара аймактык электр түйүндөрү» ишканасынын жумушчулары «Озоди» радиосуна жөнөткөн катта.
«Өзбекстандын улуттук электр түйүндөрү» мекемесинин өкүлү аталган ишкананын жумушчуларына металлолом чогултуу тапшырмасы берилгенин ырастап, бирок бул иш мажбурлоо жолу менен жүрүп жатканын четке какты.
«Өзбекмунайгаз» ишканасынын жумушчуларынын бири алардын айлыгынан металлоломго акча кармап калып жатышканын билдирди.
– Компаниянын бардык кызматкерлерине түстүү металл тапшыруу буйругу берилди. Эми жогорку билимдүү адистер көчө кыдырып, металл чогултушу керекпи? Бизге темир таппасак айлыгыбыздан белгилүү бир сумманы кармап калышарын айтышты. Эмнеге маңдай терибиз менен тапкан акчадан кимдир-бирөөнүн капчыгын толтурушубуз керек?», — деп суроо салды ал.
«Өзбекмунайгаз» компаниясынан металлолом чогултуу тапшырмасы Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу министрлигинен келгенин билдиришти. Мекеме өкүлү Өзбекстанда мамлекеттик мекемелердеги дээрлик бардык кызматкерлер темир чогултуу ишине тартылганын кошумчалады.