Алгачкы сот жыйынына Су Чжи видеобайланыш аркылуу катышты. Камалгандан бери ал биринчи жолу адвокаты менен көрүшө алды.
Би-би-си маалымдагандай, ага алгач өлкөгө мыйзамсыз түрдө рация алып кирген жана колдонгон, табигый кырсык маалында мыйзам бузган деген айып тагылган. 1-мартта болсо шайлоо маалында санитардык эрежелерди бузган жана эпидемиологиялык коркунуч жараткан деген айыптар да кошулду.