Ссылки доступа

АКШ Украинага 125 миллион долларлык аскердик жардам көрсөттү


Америкалык Mark VI патрулдук кемеси
Америкалык Mark VI патрулдук кемеси

Дүйшөмбүдө АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 125 миллион доллар суммасында аскердик жардам берилерин жарыялады.

Украина жээктеги акваторияларын кайтаруу үчүн Mark VI үлгүсүндөгү заманбап катерлерди алат. Мындан тышкары Киевге артиллериялык чабуулдун булагын аныктай турган контрбатареялык радарлар, спутник тасмаларын алууга жана иштеп чыгууга багытталган приборлор, аскердик медициналык жабдуулар берилет.

Бул Жо Байдендин администрациясы тарабынан жактырылган алгачкы аскердик жардамдын топтому болуп эсептелет. Украинага америкалык катерлерди берүү жөнүндө чечим былтыр жайында эле кабыл алынган. Анда Мамлекеттик департамант бул кемелер Авоз деңизиндеги экономикалык зонаны кайтарууга жардам бере турганын билдирген. Украинанын арсеналдында мындай алты катер бар.

Конгресс Украинага быйыл 150 миллион долларга аскердик жардам берүүнү чечкен. Бирок Киев бул каражатты Пентагон менен АКШнын Мамлекеттик департаменти өлкө аскердик реформа жүргүзүүдө “тиешелүү ийгиликке жетишти” деген бүтүмгө келгенден кийин гана колдоно алат. АКШнын Коргоо министрлиги Украинаны куралдуу күчтөргө карата жарандык көзөмөлдү бекемдей турган реформаларды кеңейтүүгө, коргонуу индустриясындагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана НАТОнун стандарттары менен принциптерине ылайык коргонуу секторун жаңылоого чакырып келет.

XS
SM
MD
LG