Ссылки доступа

Өзбекстан коронавируска каршы алгачкы вакцинаны каттоодон өткөрдү


1-мартта Өзбекстан COVID-19га каршы алгачкы вакцинаны каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү боюнча агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн медициналык практикада колдонуу үчүн коронавируска каршы ZF-UZ-VAC 2001 вакцинасы каттоого алынды. Каттоо номуру — DV/X 08646/03/21», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Аталган вакцинаны Кытайдын Zhifei Longcom Biopharmaceutical Co. Ltd компаниясы иштеп чыккан.

Сатыкка ZF-UZ-VAK 2001 деген аталыш менен чыга турган вакцинаны сыноого жана клиникалык изилдөөлөргө Өзбекстан активдүү катышкан.

«Кытай тарап изилдөө иштерине алты ай жигердүү катышканы үчүн Өзбекстанды «авторлош» деп тапты. Вакцинаны Өзбекстанда өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал үчүн Кытайдын талаптарына жооп бере турган лабораториялар, фармацевтикалык компаниялар болушу керек», — деп билдирген өткөн жумада өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Назокат Азим.

Азырынча ZF-UZ-VAK 2001 вакцинасынын баасы аныктала элек.

XS
SM
MD
LG