Ссылки доступа

Тажикстанда түрмөдөгү оппозиционердин уулу 6 жылга соттолду


Шайхмуслихиддин Ризоев
Шайхмуслихиддин Ризоев

Гиссар шаардык соту тажикстандык оппозиционер Махмурод Одинаевдин уулу Шайхмуслихиддин Ризоевди бейбаштык жана зордуктоого аракет жасоо айыбы менен 6 жылга соттоду.

«Озоди» радиосу кабарлагандай, Ризоевдин иши боюнча сот өкүмү 25-февралда чыккан.

Шайхмуслихиддин Ризоевдин жакындары ал кыйноо алдында көрсөтмө бергенин билдиришүүдө.

2020-жылы 24-ноябрда Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) саясатчынын уулуна каршы «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, Ризоев мас абалында шаардагы ресторандардын биринин жанында 2002-жылкы кызды сабаган. «Ресторандын күзөтчүсү аны токтотууга аракет кылып, жыйынтыгында экөө мушташып кеткен. Соттук-медициналык актыга ылайык, Ризоев жеңил жаракаттарды алган», — деп билдирген мекеменин басма сөз кызматкери.

Андан мурунураак Одинаев белгисиз адамдар уулуна кол салганын айтып чыккан.

28-январда Рудаки райондук соту Махмурод Одинаевди 14 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны «Бейбаштык» жана «Экстремисттик ишмердүүлүктү ишке ашырууга ачык чакырык жасоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Саясатчынын башка бир уулу Хабибулло Ризоев 5 миң доллардан ашуун айып пулга жыгылган.

Тажик оппозициясы саясатчыга карата кылмыш иштери саясий негиздер менен козголгон деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG