Ссылки доступа

Кыргызстан менен Казакстан чек арада логистикалык борборду курууну тездетет


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Өлкө башчылары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулашты.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, эки өлкө өкмөттөрүнө Кыргызстан менен Казакстандын аймагы аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо үчүн кыргыз-казак чек арасында логистикалык борборду түзүүнү тездетүү тапшырылды.

Билдирүүдө Садыр Жапаров Казакстан президентин өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырганы да белгиленген. Касым-Жомарт Токаев чакырууну кабыл алды, сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Казакстанга 2-мартта барды. Өлкө башчынын Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев, премьер-министр Аскар Мамин, мажилистин жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу белгиленген.

Бул - быйыл 10-январда президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун биринчи мамлекеттик сапары. Буга чейин ал Орусияга алгачкы иш сапар менен барып келген.

XS
SM
MD
LG