Ссылки доступа

Өзбекстанда камактагы блогерге жаңы айыптар тагылды


Өзбекстанда быйыл январдын аягында «опузалап акча талап кылууга» шектелип кармалган сурхандарыялык блогер Отабек Сатториге «Ушак таратуу» жана «Кемсинтүү» беренелери боюнча жаңы айыптар тагылды.

Ички иштер министрлигинин Тергөө департаменти 1-мартта тараткан билдирүүдө Сатториге каршы жаңы айыптар 24-февралда тагылганы, ошол эле күнү блогерге каршы козголгон кылмыш иш боюнча болжолдуу тергөө аяктаганы жазылган.

Отабек Сатторинин жакындары аны менен бир айдан бери жолуга албай жатышканын билдиришүүдө.

Telegram жана YouTube каналдары аркылуу «Эл пикири» деген видеоблог алып барган 40 жаштагы Саттори жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сындап жүргөнү менен белгилүү. Ал 30-январда Термез шаарында опузалап акча талап кылууга шектелип кармалган. Ошол эле күнү кечинде анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки компьютердик процессорду, Сатторинин курткасын, беш флэш картаны жана уулунун планшетин алып кетишкен.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги Саттори белгисиз адамдардан акча жана мобилдик телефон талап кылган деп айыпталып жатканын, анын кармалышы блогердик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес экенин билдирген. Көп өтпөй мекеме Сатторинин ишин талкуулоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскерткен.

1-февралда Термез шаардык соту чыгарган аныктамада Саттори Шерабад районундагы дыйкан базардын кемчиликтери тууралуу видеону интернетке чыгарам деп, анын жетекчисинен жаңы телефон сатып берүүнү талап кылган.

​Бирок блогердин жакындары базар администрациясынын кызматкерлери ага кол салып, телефонун сындырып салышканын билдиришүүдө. Алар Сатториге каршы кылмыш иштери анын блогердик ишмердүүлүгүнө байланыштуу козголгон деп эсептешет.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму блогердин иши Сурхандарыя облусундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жашыруу максатында ойдон чыгарылганын билдирген.

«Журналисттерди коргоо комитети» (Committee to Protect Journalists, CPJ) да ушундай көз карашын билдирип, өзбек бийлигин блогерди эркиндикке чыгарууга чакырган.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун 15-февралда жарыяланган билдирүүсүндө «Сатториге каршы козголгон күмөндүү кылмыш иши Өзбекстандагы сөз эркиндигине чоң сокку экени» жазылган. Уюм расмий Ташкенттен Отабек Сатторини тез арада бошотууну талап кылган.

Видео

Видео

Багбанчылыктан баар тапкан Урмат Акматов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00
XS
SM
MD
LG