Ссылки доступа

Вагончелленж: Наманган облусунун акиминен соң Бухаранын акими да контейнерде жашоону чечти


1-мартта Алат районуна иш сапар менен барган Бухара облусунун башчысы Ботир Зарипов Давлатбой маалесиндеги контейнерге токтоду. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Зарипов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, активисттер менен жолугуп, мектептерди кыдырды.

Расмий маалыматка караганда, Ботир Зарипов 1-марттан баштап Давлатбой маалесинде орнотулган көчмө штабда ишин улантат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өткөн айда Наманганга барып, аткаруу бийлигинин ишин сынга алган. Мындан соң облус губернатору Шавкат Абдураззаков Бунёдкор маалесинин жашоочулары менен жолугуп, контейнер орнотуп, абал жакшырганга чейин да ушул мааледе жашай турганын билдирген.

«Оздолик» радиосунун өз булактарынын эсебинде, Наманган облусунун башчысы үчүн орнотулган контейнер үй үчүн 7,5-8 миң доллар чыгымдалды. Бул акчага айылда орточо турак жай курса болот.

XS
SM
MD
LG