Ссылки доступа

Алматыдагы Кытай консулдугунун алдындагы акцияда бир аял эсин жоготту (видео)


Алматыдагы Кытай консулдугунун алдында 23 күндөн бери Шинжаңда кармалган же дайынсыз жоголгон казактардын туугандары нааразылык акцияларын өткөрүшүүдө.

2-мартта пикетчилердин катарына кошулган Гүлпам Казыбек эсин жоготуп жыгылды. Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакыртылды, бирок аял эсине келип, акцияга катышууну улантты.

Гүлпам Казыбектин айтымында, 2017-жылы декабрда Кытай бийлиги анын 70 жаштагы апасын «намаз окууга жана коомдук тынчтыкты бузууга» айыптап алып кеткен. Кийинчерээк ал 15 жылга соттолгон. 2018-жылы Гүлпам Казакстанга жер которуп, кийинки жылы жарандык алган. Ал апасы менен бир жолу гана аялдар түрмөсүндө жолукканын айтты.

- Түрмө кызматкерлери чоң аппарат аркылуу көрсөтүшөт. Анын колу-бутун кишендеп алып чыгышкан. Чачын кырып ташташкан. Ал 70ке чыкты. Кантип качып кетсин? Анын колу-бутуна кишен тагып алып чыгышканда жүрөгүм абдан ооруйт. Эки тарабында экинден күзөтчү турат, - деди Гүлпам.

Консулдуктун алдына нааразылык акциясына чыккандардын саны сонку күндөрү көбөйүүдө. Пикетти полиция кызматкерлери жана аткаруу бийлик өкүлдөрү көзөмөлдөп турат. Өткөн айда консулдуктун алдында эки киши кармалып, бири – 10, экиниси – 12 суткага камалган.

Пикет өткөргөндөр менен кытай дипломаттары жолугушкан жок.

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында төрт жумадан бери Кытайда кармалган туугандары тууралуу маалымат берүүнү талап кылган шинжаңдык казактардын акциялары өтүп жатат. Алар негизсиз айыптар менен камакка алынган жана «кайра тарбиялоо лагерлериндеги» жакындары бошотулушу керек деп эсептешүүдө.

25-февралда казакстандык дипломаттар кытайлык кесиптештери менен Шинжаңда калган казактардын маселесин онлайн режимде талкуулашкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө «казак улутундагы эки өлкө жарандарынан турган үй-бүлө мүчөлөрүн бириктирүү» жөнүндө сөз болгон. Казакстан ТИМи кытай тарап бул маселеге кандай реакция жасаганын кабарлаган жок.

Кытайда 1,5 миллионго жакын казак жашайт. Алардын көбү өлкөнүн түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына отурукташкан. Бул аймакта уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү атайын «лагерлерде» негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы «лагерлерде» бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча камактагылар өз дининен, маданиятынан жана тилинен баш тартууга мажбурланышат.

Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагындагы «тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар» катары сыпаттайт жана куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG