Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ооган тарап өзбек жарандарын Сурхандарыя облусун Ооганстан менен байланыштырып турган Хайратон көпүрөсү аркылуу өткөрүп берди.
2017-жылдан 2020-жылга чейин ооган атайын кызматтары менен кызматташтыктын негизинде Өзбекстан 86 жаранын кайтарган. Алардын баары мыйзамсыз куралдуу топтордун катарында жүрүшкөн.
2020-жылы декабрда Ташкент Сириядагы куралдуу кагылыштар болуп жаткан аймактардан 98 өзбекстандыкты алып келген. Алардын 25и аял, 73ү бала болгон.
2019-жылы октябрда Сирияда ата-энесиз калган 64 бала Өзбекстанга алып келинген. Ошол эле жылы май айында аялдар жана балдардан турган 156 өзбекстандык мекенине кайтарылган.