Университетте бакалавриат, магистратура, докторантурада окуу жараяны камсыздалбаганы, талап кылынган окутуучулардын профессордук курамы жок экени, материалдык-техникалык база талапка жооп бербей турганы айтылууда.
18-февралда «Астана» телеканалы университеттин 600 окутуучусу министрликтин чечимине нааразы болуп акция өткөргөнүн кабарлаган. Алар окуу жай бардык талаптарга жооп берерин, жогорку квалификациялуу окутуучулар иштей турганын айтышып, көз карандысыз экспертиза жүргүзүүнү сурашкан.
Казак медициналык университетинде 900дөй чет өлкөлүк студент билим алат. Иорданиялык студент Айман Аль-Хассафтын айтымында, ата-энеси ага жыл сайын окуу үчүн 4200 доллар жөнөтүп турат. Ал эгер бул жерден окуусун аяктай албай калса, акчасы текке кетип, дипломсуз каларын, өз өлкөсүндө жумуш табылбай турганын белгиледи.
– Мен быйыл окууну бүтүшүм керек. Универститетти жаап, лицензиядан ажыратышпайт деп үмүттөнөм. Башка университет табуу өтө кыйын. Мен ата-энемдин эмоционалдык абалына кабатыр болуп турам, – дейт 5-курстун студенти.
2-мартта «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып университеттин мындан аркы тагдыры жөнүндө кабар алды.
– Бүгүнкү күндө Иорданиянын Казакстандагы элчилиги бул университетте окуган жарандарын башка окуу жайларга которуу маселесин чечүү өтүнүчү менен министрликке кайрылды. Иордан тарап алардын бүтүрүүчүлөрүнө бул окуу жайды аяктоого мүмкүнчүлүк берүүгө, кенже курстарды башка университеттерге которуу мүмкүндүгүн кароону суроодо. Ушул тапта бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз, – деп жооп берди министрликтин өкүлү Гүлзат Көбөнова.
Буга чейин Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги сапатсыз окуткан окуу жайларды жаба турганын жарыялаган. 2-мартка карата жети казакстандык жогорку окуу жай жабылды.