Ссылки доступа

Сардаба суу сактагычын реконструкциялай турган компания тендердин негизинде тандалат


Сардаба суу сактагычын калыбына келтире турган компания тендер аркылуу тандалат. Бул тууралуу Өзбекстандын курулуш министри Ботир Зокиров билдирди.

Анын айтымында, эл аралык экспертиза өткөрүлгөн соң суу сактагычты реконструкциялоо боюнча тендер өтөт. «Реконструкция качан башталары да белисиз. Себеби плотинаны калыбына келтирүү да көп убакытты талап кылат, мындан ары шашылууга болбой», - деди Батыр Закиров.

Министр өкмөттүн токтому менен плотинанын ремонту менен чыгымдарын калыбына келтирүү «ТупалангсувГЭСкурилиш» менен «Өзбекстан темир жолдору» компанияларына жүктөлгөнүн кошумчалады. Мамлекеттик бюджетте акча коротулбайт.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы былтыр 1-майда жырылып кетип, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG