Ссылки доступа

Чымкентте «Астана» телеканалынын кабарчысы полициячылар сабаганын билдирди


Чымкентте 2-мартка караган түнү полициячылар «Астана» телекомпаниясынын кабарчысы Бахромбек Талибжановго күч колдонгону белгилүү болду. Ал автоунаалардын тетигин саткан жергиликтүү базардагы өрт тууралуу репортаж даярдап жүргөн.

Талибжановдун айтымында, полициячылар анын колун кайрып, жүзүнө жана бөйрөк тушуна сокку урушкан.

Маалыматка караганда, Талибжанов базарга «31 каналдагы» кесиптеши Бахром Абдуллаев менен чогуу өрт тууралуу материал даярдоого барган. Полициячылар видеого тартууга тыюу салган учурда кайым айтышуу болуп, тартип сакчылар журналистке кол көтөрүшкөн.

Мындан соң ЖМК өкүлдөрү Абай райондук полиция бөлүмүнө жеткирилген. «Астана» телеканалынын корреспонденти кол салгандарга каршы арыз жазган. Полиция департаментинин маалымат кызматы бул окуя боюнча кызматтык териштирүү башталганын кабарлады. Кылмыш иши козголо элек.

Казакстанда журналистер кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу күч түзүм кызматкерлеринин кысымына кабылган учурлар көп.

Видео

Видео

Парламентаризмди алсыраткан 6-чакырылыш
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:30:09 0:00
XS
SM
MD
LG