Ссылки доступа

Мирзиёевдин жол кырсыгына кабылган күйөө баласы иштеген мекемеде тергөө башталды


Отабек Умаров. Сүрөт анын Instagram баракчасынан алынды
Отабек Умаров. Сүрөт анын Instagram баракчасынан алынды

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров иштеген Президенттин мамлекеттик коопсуздук кызматында кызматтык териштирүү жана тергөө иштери башталды. Бул тууралуу «Озодлик» радиосу президенттин үй-бүлөсүнө жакын өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, мекемедеги тергөө иши Умаров катышкан жол кырсыгынан 15 күн өткөндөн кийин президенттин буйругу менен башталды.

«Расмий ырастала элек маалыматтарга ылайык, азыр президенттин күйөө баласы менен чогуу автоунаа жана мотоцикл жарышын уюштурган спортчу балдар көзөмөлгө алынды. Умаровдун айланасындагы бир нече спортчу «Жол эрежесин же транспорт каражатын колдонуу эрежесин бузуу» беренеси боюнча шектелип жатат», — деди булак.

Анын айтымында, президент тиешелүү мекемелерге күйөө баласынын акыркы бир айдагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири отчёт даярдоо буйругун берген.

«Мен бул отчётту даярдоого катышып жатам. Анда Умаров автоунаасынын артына өтө жарык, көздү уялткан фараларды орнотуп, унаасын катуу айдап, шаарда бир нече жолу авариялык абал жаратканы жазылган. Мындан тышкары Умаров айдап бараткан мотоцикл саатына 180 чакырым ылдамдыкта бараткан. Авариядан улам ал бутунан гана эмес, башынан да жаракат алган», — деди иш менен жакындан тааныш дагы бир булак.

Буга чейин «Озодлик» радиосу 13-февралда Ташкентте аварияга кабылган 36 жаштагы Отабек Умаров 15-февралда атайын каттам менен алгач Москвага, андан соң Түштүк Кореяга жеткирилгенин кабарлаган.

Азырынча Өзбекстандын бийлиги бул жол кырсыгы боюнча эч кандай маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG