Ссылки доступа

Өзбекстанда 6 студенттин өлүмүнөн кийин 150 миң студент жатаканага муктаж экени аныкталды


Өзбекстанда акыркы жылдары студенттик жатаканалар 228ге көбөйгөн. Ага карабай 149 400 студент дагы деле жатаканага муктаж. Бул тууралуу өлкөнүн жогорку жана атайын орто билим берүү министри Абдукадыр Ташкулов билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылга чейин студенттер үчүн дагы 16 жатакана куруу пландалууда. Натыйжада 6750 кошумча орун пайда болот.

Министр жатаканалардын жоктугуна жогорку окуу жайлардын ректорлору түздөн түз күнөөлүү экенин белгиледи.

«Себеби ректораттарда курулуш үчүн жооп берген бөлүм жок. Ал гана эмес техникалык кароо үчүн бир жолу адис жалдоо да кыйын. Ректорлор "эң жакшысы эч нерсе курбай коюш керек" деп эсептешет. Алар жоопкерчиликке тартылуудан жана териштирүүлөрдөн коркушат», - деди Абдукадыр Ташкулов.

Өзбекстанда студенттердин жашоо шарты жөнүндөгү маселе бир нече күн мурун Ташкентте беш студенттин сөөгү ижарага алган үйдө табылгандан кийин актуалдуу болууда. Бул окуядан бир күн өткөн соң дагы бир студент иштеп жана жашап жүргөн курулушу бүтө элек көп кабаттуу турак жайда лифттин шахтасына түшүп кетип жан берген.

XS
SM
MD
LG